Газага 640 миң долларлык жардам
Тышкы иштер министрлиги Палестинага 640 миң долларлык жардам берилгенин билдирди
Тышкы иштер министрлигинен Түркиянын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Палестинага жардам берүүнү улантаары белгиленип, талап боюнча Палестинага 640 миң долларлык материалдык жардам берилгени билдирилди. Премьер – министрликтен жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө Түркиянын Израиль жүздөгөн күнөөсүз кишини өлтүргөн, миңдеген киши жараланган Газага карата операциясынын токтотулуусу жана аймакта туруктуу ок атуунун түзүлүшү боюнча аракеттери менен бирге кол салуулардан таасирленген Палестина калкынын чукул түрдө гуманитардык жардам муктаждыктарынын камсыздалуусу боюнча иштерин үзгүлтүксүз улантканы белгиленди. Билдирүүдө Палестина мамлекетинин талабы менен Газадагы бир гана электр станциясынын чукул түрдө күйүүчү май муктаждыгынын камсыздалуусуна салымын кошуу максатында 640 миң долларлык материалдык колдоонун Түрк Кызмтаташтык жана Координация Агенттиги тарабынан Палестина мекемелерине билдирилгени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.