Израилге каттамга тыюу салуу мыйзамы узартылды

Транспорт министри Израилге каттамга тыюу салуунун 24 саатка узартылганын билдирди.

69467
Израилге каттамга тыюу салуу мыйзамы узартылды


Транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфү Элван кечээ Анкарада массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрү менен жолукту.
Түрк аба жолдору фирмалары тарабынан Израилге жасала турган каттамдарга мурдагы күнү кечинде 22:00ден баштап 24 сааттык мөөнөткө учууга тыюу салуу ишке ашырылганын эске салган Элван, бул мөөнөттүн Израилдеги коркунучтуу абал уланганынын себебинен дагы 24 саатка узартылганын белгиледи.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы да Американын аба жолу фирмаларынын Израилге каттамына тыюу салуусун жойду.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын маалыматында тыюу салуунун жергиликтүү саат боюнча 23:45тен баштап жоюлганын жарыялады. Анда тыюу салуунун жоюлушу боюнча токтомдун Израилдеги коопсуздук абалынын талкууланышы жана Израиль өкмөтүнүн жарандык авиацияга карай коркунучтарды азайтуу багытында чара көрүүлөрдүн каралып чыгышынан кийин чыгарылганы белгиленди.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы мурдагы күнү санааркоолору болгондуктан Американын аба жолдорунун Израилге каттоосун 24 саатка токтоткон, кечээ да 24 саатка узарткан. Тыюу салуу токтомунун Бен Гурион аэропортунун 1,6 чакырымдай жакынына ракетанын түшүшүнөн кийин чыгарылганы билдирилген.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын тыюу салуу токтому республикачыл сенатор Тед Крус баштаган АКШдагы айрым чөйрөлөрдүн жана Израиль өкмөтүнүн сынына кабылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар