Эрдоган Ислам дүйнөсүн биримдиктүү болууга чакырды
Премьер-министр аданалыктар менен жолугушту.
Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Аданадагы областтык башкармалыгы уюштурган ооз ачуу программасында аданалыктар менен жолугушту.
Премьер-министр Эрдоган андагы сөз сүйлөөсүндө аймагыбыздын бул Рамазан айын дагы кан, кагылышуу жана кайгы-капа менен өткөрүп жатканын айтты.
Жакынкы Чыгыштагы баш аламандыктарга каршы Ислам дүйнөсүн биримдиктүү болууга чакырган премьер-министр: «Жасала турчу жалгыз нерсе бар. Ислам дүйнөсүнүн мыкачыларга каршы биримдиктүү болуусу, маселелерди биргелеше чечүүсү»,- деди.
Премьер-министр Эрдоган ооз ачуу программасында «Эрдоганды жактоочулар платформасынынын» мүчөлөрү менен да алгач ирет жолугушту. Өкмөт башчы алар менен бир топко сүйлөштү.
Тектеш кабарлар
Министр Фидан Үрүмчү жана Кашкарга барат
Министр Фидан Үрүмчү жана Кашкар сапарларынан кийин өлкөгө кайтып келет.