Демирташ шайлоо үгүттөөлөрүн Германияда улантты

Демирташ, Германия жана Франциянын Израиль жана Ирак –Шам ислам мамлекетинин (ИШИМ) кол салууларына үн катпай калганын сындады.

65148
Демирташ шайлоо үгүттөөлөрүн Германияда улантты

Президенттикке талапкер жана Калктардын демократиялык партиясынын тең төрагасы Селахаттин Демирташ шайлоо үгүттөөлөрүнүн алкагында кечээ Германияга барды.
Кельн шаарында өткөрүлгөн иш-чарага катышкан Демирташ, Германия жана Франциянын Израиль жана Ирак –Шам ислам мамлекетинин (ИШИМ) кол салууларына үн катпай калганын сындады.
Израилди Газага карай кол салууларын токтотууга чакырган Демирташ: «Карапйым Палестина калкынын эркиндик издөөлөрүн колдогонубузду, бардык эзилген калктарды колдой турганыбызды белгилей кетким келет»,-деди.
Ирактагы кагылышууларга да токтолгон Демирташ ИШИМдин колунда немистер чыгарган куралдар болгону белгиленгенин айтып, бул куралдардын ал жерге кантип жеткирлигенинин ачыкталышын талап кылды.
Селахаттин Демирташ президенттик шайлоодо Европадан бериле турган добуштардын маанисине токтолду.
Демирташ шайлоочуларга: «Добуш берүүчү кабинага киргенде алдыңызда үч фотосүрөт турат, аларды бул жолу чын дилден карап анан добуш бериңиз»-деген чакырык таштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар