Давутоглунун Палестина үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрү уланууда

Сүйлөшүүлөрдө Палестинадагы абал каралууда.

132702
Давутоглунун Палестина үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрү уланууда

Түркия Израилдин Газага кол салууларынан кийин аймактагы кырдаалга кылдат байкоо салууда.
Палестина үчүн телефон аркылуу дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Хамастын саясий кеңсесинин башчысы Халид Мешаль жана Америка, Иран, Германиянын тышкы иштер министрлери менен өз-өзүнчө телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Давутоглу кечээ Италиянын тышкы иштер министри Федерика Могерини менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу.
Сүйлөшүүдө Израилдин Газага кол салууларынан кийин аймактагы акыркы кырдаал каралды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар