Түркиянын Афганстанга көңүл айтуусу

Тышкы иштер министрлиги Афганстанга көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

131454
Түркиянын Афганстанга көңүл айтуусу

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кечээ Афганстанда болгон жан кечтилик кол салуу үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.
Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында Афганстандын Пактика провинциясынын Оргун районунда калың топ эл турган базар жерине бомба жүктөлгөн унаа менен болгон жан кечтилик кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда кеминде 89 киши каза таап, эң аз 40 кишинин жаракат алганынын катуу капага салганы билдирилди.
Анда, «Афганстанда болуп жаткан тарыхый өтмө мезгилге таш каптырууга аракет кылган бул кол салууларда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун, жакындарын кайрат кылууга чакырабыз, жарадар болгондордун тез сакайып кетишин тилейбиз. Афган калкы тынчтыкта жашоо үчүн бардык тоскоолдуктардан ашып өтө турганын далилдеген»,-деп жазылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар