Шайлоого убактылуу талапкерлер жарыяланды
Президенттик шайлоого талапкер тизмеси; Экмеледдин Ихсаноглу, Режеп Таййип Эрдоган жана Селахаддин Демирташ.
Жогорку шайлоо кеңеши президенттик шайлоодо убактылуу талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Расмий гезиттин бүгүнкү санындагы Жогорку шайлоо кеңешинин токтомунда алгачкы добуш берүүнүн 2014-жылдын 10-августунда жекшемби күнү боло турганы эске салынып буларды билдирди:
«Алгачкы добуш берүүдө жарактуу добуштардын көпчүлүгүнө жетишиле албаган учурунда экинчи добуш берүү 2014-жылдын 24-августунда жекшемби күнү болот. Президенттикке «убактылуу талапкер тизмеси» төмөндө көрсөтүлгөн».
Президенттик шайлоого талапкер тизмеси; Экмеледдин Ихсаноглу, Режеп Таййип Эрдоган жана Селахаддин Демирташ.
Токтомдо талапкерлердин туулган күндөрү жана билим деңгээли да орун алды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.