Экмеледдин Ихсаноглу Сакарияда

Экмеледдин Ихсаноглу президенттик кызматка шайланган учурунда Түркиянын эл аралык аброюн көтөрүү үчүн аракет кыла турганын айтты.

119166
Экмеледдин Ихсаноглу Сакарияда

Президенттикке талапкер Экмеледдин Ихсаноглу шайлоого карай таанытуу иштерин Сакарияда улантты.
Ихсаноглу ооз ачуу программасына катышуу үчүн кечээ барган Адапазарында автожол бекетинде атуулдар тарабынан тосулуп алынды.
Ихсаноглу шайлоого карай таанытууларынын алкагында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.
Экмеледдин Ихсаноглу президенттик кызматка шайланган учурунда өлкөдө тынчтыктын камсыздалышы жана Түркиянын эл аралык аброюн көтөрүү үчүн аракет кыла турганын айтты.
Президенттикке талапкер Ихсаноглу андан соң Жумурият элдик партиясы (ЖХП) жана Улуттук кыймыл партиясы (МХП) тарабынан берилген ооз ачуу тамагына катышты.
Ихсаноглу: «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» негизги принциптин ордуна учурда өлкөдө жана коңшуларда курч кырдаалга себеп боло турган саясатты жүргүзгөнүн сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар