Алижан чек ара капкасы
Тышкы иштер министрлиги Алижан чек ара капкасынын ачыларына байланыштуу гезитте чыккан кабардын чындыкты чагылдырбаганын айтты
Тышкы иштер министрлиги Түркия менен Армениянын ортосундагы Алижан чек ара капкасынын ачыларына байланыштуу ойлорду жалганга чыгарды. Министрликтин катчысы кечээ бул тема тууралуу берилген жоопто Алижан чек ара капкасынын ачыларына байланыштуу гезитте чыккан кабардын чындыкты чагылдырбаганын айтты.
Түркия – Армения чек арасынын Армениянын Азербайжан жерлерин басылып алуусу менен 1993 – жылы жабылганын эске салган катчы : «Сөзү болгон чек аранын ачылуусу Түштүк Кавказияда кенен түрдөгү жана улантууга боло турган нормалдашууга мүмкүнчүлүк бере турган абалдардын алкагында күн тартибине келиши мүмкүн»,- деди. Катчы Армениянын бардык коңшулары менен маселелерин чечүү башкаруусун көрсөтүүсү жана ушуга жараша кадамдардын ташталуусунун бул темада белгилөөчү роль ойнооруна басым жасады.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.