АКШнын көз карандысыздыгынын 238 жылдыгы Анкрада белгиленди

АКШнын элчиси Фрэнсис Риккардоне эки өлкөнүн карым - катнаштарынын абдан күчтүү экенин баса белгиледи

118072
АКШнын көз карандысыздыгынын 238 жылдыгы Анкрада белгиленди

АКШнын көз карандысыздыгынын 238 жылдыгы Анкарадагы элчиликте белгиленди. Үй ээси АКШнын Анкарадагы элчиси Фрэнсис Риккардоне конокторун жубайы менен тосуп алды. Келген коноктордун арасынан Европа Биримдиги министри Мевлүт Чавушоглу менен финансы министри Мехмет Шимшек да орун алды. Аземде сөз сүйлөгөн Чавушоглу аймакта болгон абалдардын эки өлкөнүн арасындагы ортоктукту абдан маанилүү абалга алып келгенин айтты. Түркияда акыркы жолу расмий түрдө бир рецепсияга катышкандыктан абдан кубанычтуу экенин белгилеген Фрэнсис Риккардоне да эки өлкөнүн карым – катнаштарынын эч болбогончолук күчтүү экенин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар