Ливандагы Түрк куралдуу күчү кызматынын мөөнөтү узартылмакчы

Премьер-министрликтин бул тууралуу уруксат документи Түркия Улуу Улуттук Парламентине сунушталды.

109153
Ливандагы Түрк куралдуу күчү кызматынын мөөнөтү узартылмакчы

Түркиянын Ливанда жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун убактылуу кызмат күчүнө, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун мөөнөтү дагы 1 жылга узартылышы жөнүндө Премьер-министрликтин уруксат документи Түркия Улуу Улуттук Парламентине сунушталды.
Уруксат документинде Бириккен Улуттар Уюмунун убактылуу кызмат күчүнүн кызмат мөөнөтүнүн 2014-жылдын 31-августунда соңуна чыга турганы, ал эми кызмат мөөнөтүнүн ушул күндөн кийин жаңыланышы боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши тарабынан август айынын ичинде токтомдун кабыл алынышынын күтүлгөнү белгиленди.
Документте, Түрк куралдуу күчтөрүнүн элементтеринин 2014-жылы 5-сентябрдадан баштап Деңиз кызмат күчүнө дагы 1 жыл кошулушу жана бул тууралуу тийиштүү түзөтүүлөрдүн өкмөт тарабынан жасалышы үчүн уруксат талап кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар