Тышкы иштер министрлигинин эскертүүсү

Басрадан да түрк жарандарын чыгаруу чакырыгы ташталды.

97839
Тышкы иштер министрлигинин эскертүүсү

Тышкы иштер министрлиги Мусул, Керкүк, Селахаттин, Дияла, Анбар жана Багдад аймактарындагы болгон окуялардан улам, Басрада жашаган түрк жарандарын өлкөнү таштап чыгып кетүүлөрүн эскертти.
Ирактагы окуялардын натыйжасында түзүлгөн “Кризисти башкаруу” тобунун атынан Тышкы иштер министрлиги майдандагы коопсуздук тууралуу жарыялады.
Бул боюнча “Кризисти башкаруу” тобу, Мусул, Керкүк, Селахаттин, Дияла, Анбар жана Багдаддан кийин Басрада жашаган түрк мекендештердин да өлкөнү таштап чыгып кетүүлөрүн талап кылды.
Натыйжада, Тышкы иштер министрлиги, Ирактагы кооптуу абалдан улам Басра облусун дагы камтыган жаңы чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар