Ирактагы түрк жумушчулары Түркияга алынып келинди

Нежефте орун алган 113 жумушчунун Ирак органдарынан тийиштүү уруксаттарды алып өлкөгө кайтуулары камсыздалды.

95192
Ирактагы түрк жумушчулары Түркияга алынып келинди


Тышкы иштер министрлиги Ирактагы түрк атуулдардын кайтып келүүсү үчүн тыгыз дипломатия жүргүзүүдө.
Нежефте орун алган 113 жумушчунун Ирак органдарынан тийиштүү уруксаттарды алып өлкөгө кайтуулары камсыздалды.
Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө маалымат берип, Ирактагы атуулдардын алынып кете турганынын билдирди.
Анда, «Мусул башкы консулугубуздун кызматкерлери жана Мусудун Гейара районунда барымтага алынган жүк машина айдоочу 31 кишиден турган атуулдарыбыздын да эң кыска убакта өлкөбүзгө аман-эсен кайтуулары үчүн тийиштүү иштер кылдаттык менен аткарылып жатат»,-деп айтылды.
Ирактын Нежеф шаарында орун алган 113 жумушчунун кайтарылышы үчүн Ирак органдарынан тийиштүү уруксаттар алынганы билдирилди.
60 жумушчунун виза мөөнөтүн өткөрүп жибергенинин себебинен төлөшү керек болгон жазасы Багдаддагы Түркиянын элчилигинин киришүүлөрү менен жоюлуп өлкөгө кайтуулары камсыздалды.
Министрлик айрыкча Мусул, Керкүк, Селахаттин, Дияла, Анбар жана Багдадда жүргөн атуулдардын мүмкүн болгон эң кыска убакта ал областтардан чыгуулары жана ал областтарга барбоолору сунушталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар