Мусулдагы түрк консулдугун террористтер басып алышты

Баш консул Өзтүрк Йылмаз менен кошо бардык кызматкерлер жана коопсуздук кызматкерлери да белгисиз бир жерге алынып кеткени билдирилүүдө.

91413
Мусулдагы түрк консулдугун террористтер басып алышты

Түркиянын Мусул консулдугуна Ирак Дамаск Ислам мамлекети террордук уюмунун (İŞİD) мүчөлөрү кирип барып кызматкерлер менен коопсуздук кызматкерлерин белгисиз бир жерге алып кеткендиги билдирилди.
Тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу Нью-Йорктогу жолугушууларын жарым калтырып өлкөгө кайтты.
Террор темалуу жыйналыш үчүн Нью-Йоркто жүргөн тышкы иштер министр Ахмет Давутоглу түнү менен Мусулдагы абалга баа берди.
Багдаддагы борбордук башкаруу жана Эрбилдеги аймактык күрт башкаруусу менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн Давутоглу, америкалык жооптуулар менен да сүйлөштү.
İŞİDдин Мусул консулдугун басып алгандыгы боюнча кабарларды алып Түркияга кайтуу чечимин чыгарган Давутоглу, бир күн бою телефон дипломатиясын улантты.
Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай башкы консул Өзтүрк Йылмаз менен кошо бардык кызматкерлер жана коопсуздук кызматкерлери да белгисиз бир жерге алынып кеткени билдирилүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар