Дүйнөнүн эң чоң аэропорту Стамбулда салынат

Эрдоган үчүнчү аэропорттун 150 миллион жүргүнчү ташуу көлөмү менен дүйнөнүн эң чоң аэропорту боло турганын айтты.

86736
Дүйнөнүн эң чоң аэропорту Стамбулда салынат

Кечээ Стамбулда премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда Дүйнөнүн эң чоң аэропортторунан бири боло турган аэропорттун пайдубалы түптөлдү.
Премьер-министр Эрдоган үчүнчү аэропорттун 150 миллион жүргүнчү ташуу көлөмү менен дүйнөнүн эң чоң аэропорту боло турганын айтты.
Эрдоган аэрорттун Түркия Республикасынын 91 жылдык тарыхында эң маанилүү инвестициялык проекттерден бири болгонун белгилеп өттү жана «Биз бул жерде жалгыз эле аэропорт эмес жеңиш эстелигин орнотуп жатабыз»,-деди.
Эрдоган аэропорттун биринчи этабынын 2017-жылдын 29-октябрында ачыла турганын маалымдады.
Учурдагы «Ататүрк» аэропортунан 7 эсе чоң боло турган аэропортто 150 миллион киши ташылат. Стамбул жайгашкан абалы жагынан транзит жүргүнчүлөр эң көп тандаган борборго айланат. 6 көз карандысыз тилке жана 500 учак токтоочу парк көлөмү менен аэропорттогу терминалдардын ортосундагы транспорт темир жолу вагону менен камсыздалат. Стамбулга Түндүк Мармара автожолу менен байланыша турган аэропорттон шаар борборуна жетилиши үчүн темир жол системасы курулат.
2018-жылы бүтүрүлүшү пландалган аэропорт, эң көп 63 миллион жүргүнчү ташыган Лондондогу Heathrow менен 45 миллиондук Франкфурт аэропортторуна атаандаш болот.
Курулуш убагында 100 миң кишинин жумуш менен камсмыздалышы күтүлгөн аэропорттун тендерин 26 миллиард евро менен 5 фирмадан турган өнөктөш демилгечил тобу жеңип алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар