Ирандын президенти Рухани Түркияга расмий сапар менен келет

Сапар убагында бир канча келишимге кол коюлат.

85257
Ирандын президенти Рухани Түркияга расмий сапар менен келет


Ирандын президенти Хасан Рухани президент Абдуллах Гүлдүн чакыруусу боюнча 9-июнь дүйшөмбү күнү Түркияга келет.
Анкарада расмий жолугушууларды өткөрө турган Рухани Чанкая сарайында салтанаттуу түрдө тосулуп алынат. Президент Гүл менен Рухани өз алдынча жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымат жыйын өткөрүшөт.
Ирандын президенти Рухани расмий сапарынын алкагында премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен да жолугушат. Өз алдынча сүйлөшүүлөрдөн кийин Рухани менен Эрдогандын жетекчилигинде эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны өткөрүлөт. Ушул алкакта Түркия менен Ирандын ортосунда ар башка тармактарда келишимдерге кол коюлат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар