Түркиянын энергетика базасы болууда дагы бир маанилүү кадам...

ТАНАП проектисине Түркиянын орток болуусу боюнча келишимге кечээ Cтамбулда кол коюлду

77962
Түркиянын энергетика базасы болууда дагы бир маанилүү кадам...

Азербайжандагы Шахдеңиз жаратылыш газ өндүрүү аянты жана ТАНАП проектисине Түркиянын орток болуусу боюнча кечээ Стамбулда премьер – министр Р. Т. Эрдоган да катышкан салтанат менен кол коюлду.
ТАНАПтын келечектин проектиси экенин белгилеген премьер – министр Эрдоган Түркиянын ТАНАПтын проектиси менен абдан маанилүү кирешеге жетишерин айтты.
Азербайжандын борбор шаары Бакудан 70 километр алыстыкта, Каспий деңизинин аянтындагы Шахдениз жаратылыш газ аймагы 1, 4 триллион метр кубдук резерви менен дүйнөнүн саналуу жаратылыш газ аянтынын бири. «Шахдениз – 1» деген ат менен берилген проект менен азыркы учурда чыгарылган жаратылыш газ Азербайжандын ички каржоосунда колдонулуусу менен Грузия жана Түркияга да экспорттолууда.
Проектинин негизинде Түркия – Грузия чек арасында Түркия – Греция чек арасына чейин ТАНАП башталгычта 10 миллиард метр кубу Европага, 6 миллиард метр кубу Түркияга бөлүнүү менен жылдык 16 миллиард метр куб жаратылыш газ өткөрөт.
Шахденизден чыгартыла турган жаратылыш газды Түркия аркылуу Европага өткөрө турган Түштүк Газ Коридору болсо Европанын энергетикада Орусияга көз карандылыгын азайта турган эң негизги проектилердин бири катары көрүлүүдө. Беш жылдын ичинде бүткөрүлүүсү күтүлгөн проектиге Израиль, Түштүк Кипр Рум Башкаруусу, Түркмөнстан жана Түндүк Ирак да газ өткөрүүчү катары пландын ичинде. Проектиде Азербайжан мамлекеттик нефть фирмасы СОКАР 80 пайыз, БОТАШ менен ТПАО 20 пайыздык үлүшкө ээ болууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар