Түркия калкы Сомадагы апаатка кайгырууда

Премьер-министр Эрдоган каза болгон жумушчулардын санынын 238ге жеткенин жарыялады.

67615
Түркия калкы Сомадагы апаатка кайгырууда


Шахтада иликтөөлөрдү жасаган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган каза болгон жумушчулардын санынын 238ге жеткенин жарыялады.
Каза болгондордун карбонмоноксид газынан уулангандары белгиленди.
Сома Республикалык прокуратурасы баштаткан териштирүүнүн алкагында эксперттерден турган комиссия түзүлдү.
Аутопсиялары бүтүрүлгөн жумушчулардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө тапшырылды.
500 чакты кишиден турган издөө-куткаруу топтору камалып калган жумушчуларга жетүүгө аракет кылууда.
Куткаруучу топтор 480 метр тереңдикке киришти.
Жумушчулардын жакындарынын шахта жана ооруканын алдында күтүүлөрү уланууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар