Бурсада домино ташынан жасалган хореография

Бурсада Йылдырым муниципалитети тарабынан 29-Октябрь Республика Майрамына карата уюштурулган иш-чарада 300 миң домино ташы колдонулду.

599938
Бурсада домино ташынан жасалган хореография

Бурсада Йылдырым муниципалитети тарабынан 29-Октябрь Республика Майрамына карата уюштурулган иш-чарада 300 миң домино ташы менен «Түркиянын эң чоң домино хореографиясы» рекордуна жетишилди.

Домино хореографиясы социалдык медиада уюштурулуп Германия, Австрия, АКШ, Канада, Нидерландия жана Швейцариядан келген, арасында рекордсмендер да орун алган 14 кишилик топ тарабынан даярдалды.

Хореографияда Йылдырым муниципалитетинин логотиби менен катар Чанаккале согуштары, улуттук күрөш, алгачкы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын имараты, Түркия картасынын бетинде Түркиянын тарыхый жана маданий баалуулуктары, Карагөз жана Хаживатты символдогон мотивдер менен жоогазын дизайны орун алды.

Йылдырым муниципалитетинин төрагасы Исмаил Хаккы Эбедали, Түркия Республикасынын 93-жыл майрамдоолорунда тарыхый рекордго жетишкендиктери үчүн бактылуу болгондорун айтты.



Тектеш кабарлар