Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-122

Алтай адабиятынан Сазон Суразаков жана анын чыгармачылык жолу.

1536447
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-122

              Урматтуу китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү чыгарылышыбызда алтай элинин белгилүү адабиятчысы, акын жана окумуштуу Сазон Саймонич Суразаковдун өмүр-баяны жана анын чыгармачылык жолу тууралуу кеп кылабыз.

              Кадырлуу окурмандар, алтай адабияты жаатында биринчи профессор дегенде Сазон Суразаковдун аты аталат. Ал алтай элинин фольклористи, адабият таануучу, акын жана жазуучу катары таанылат. Сазон 1925-жылы Майма аймагындагы Ак-Кобы айылында үй-бүлөнүн он бешинчи баласы болуп төрөлгөн. Шаман болгон атасы Сайму Матиевич колхоз түзүлгөн учурда Кайыңзур деген айылга көчүп келип, жазуучунун балалыгы ошол жерде өтөт. Ал атасынын улуттук музыкалык аспабы “топшуур” чертип айткан дастанын, апасынын жомокторун угуп чоңойгон. Бирок кийинки чыгармачылык жолуна атасынын бир тууган агасы акын Моколуштун жана досу дастанчы Сойоңгошев Жакпааштын таасири өтө чоң болгон экен. 1932-жылы мектепке баштап, 1942-жылы Горно-Алтайскийдеги педагогикалык институтунда окуусун улантат. Ал жерде белгилүү окумуштуу Баскаковдун окуучу болот. Студент кезинде 1943-жылы аскерге чакырылып 1944-жылы согуштан жарадар болуп кайтат. Айыгып чыкканда, 1946-жылы Баскаковдун чакыруусу менен Москвага барып окуусун улантат. Ал жерде түркология илимине чоң салым кошуп алтай дастан жана эпосторун чогултат. 1950-жылы тил илиминин кандидаты болот жана жасаган илимий эмгектерине татыктуу алтайдын алгачкы профессор наамына ээ болот. Ал 27 жашында эле тоолуу Алтайда жаңы ачылган Тарых, Тил жана Адабият институтунун директору болуп кызмат өтөйт. Анын адабий таануу жана фольклор жаатында бир топ баалуу эмгектери жарык көргөн. Илимий изилдөөлөрү менен бирге ал адабий чыгармалар да жараткан. 1949-жылдан баштап анын ырлары жана аңгемелери жергиликтүү газетада “Алтайдын тоолорунда” аты менен байма-бай жарыяланып турган. Мындан сырткары жазуучунун жети адабий китеби чыккан. Суразаковдун ыр жана аңгемелеринин темасы көбүнчө советтер учурундагы жаңы жашоо, өзгөрүү тууралуу болгон. Жазуучу 1980-жылы бул дүйнөдөн кайткан. Анын эскерүүсүнө дүйнөнүн ар тарабынан окумуштуулар катышкан чоң жыйын өткөрүлүп, эстелик катары “Алтай жана түрк-моңгол дүйнөсү” аттуу жыйнак чыгарылган.

              Алтай тарыхы, тили жана адабияты тууралуу булактарды жыйноодо жана аларды китеп кылып чыгарууда Суразаковдун эмгеги чоң болгон. Ал алтай фольклорун бир тарабынан чогултса, бир тарабынан теориялык изилдөөлөрүн уланткан. 1961-жылы жарыяланган “Алтай макал-лакаптары” аттуу китепте алтай элинин макал-лакап, табышмактары, элдик ырлар, эски оюндар жана легендалар орун алган болсо, “Алтай элинин макалдары” жыйнагында 267 макал чогултуп жарыялаган. 1975-жылы чыккан “Алтай фольклору” деп аталган жыйнакта топтолгон маалыматтар гана жарыяланбастан, Суразаковдун каламы менен кеңири теориялык изилдөө ишке ашкан. Анын алтай адабиятына чоң салым кошкон маанилүү эмгектери азыр дагы окуу жайларында окутулуп келет. “Элдик оозеки чыгармачылык”, “Алтай эл баатырлары”, “Алтай фольклору”, “Алтай адабияты” китептери Суразаковдун изилдөөлөрү менен чыккан. “Алтай баатырлары” аттуу 10 томдун түзүүчүсү жана редактору болсо, “Маадай Кара” аттуу элдик эпосту биринчилерден болуп кеңири изилдеп чыккан окумуштуу Суразаков болгон. Ал тыным албаган чыгармачылык жашоосунда илимий изилдөөлөргө көп убактысын бөлгөн. Жана да өз чыгармачылыгын уланткан, өнүктүргөн. Жазуучунун биринчи чыгармасы 1949-жылы жарык көргөн. Ал өзүнүн чыгармаларында негизинен Совет бийлиги доорунда Алтайдагы жаңылыктар, өзгөрүүлөр темасын көтөргөн. Суразаков “Ырлар жана аңгемелер”, “Сүйгөн жерим”, “Көгүлтүр кеч” сыяктуу поэзия жана проза жыйнактарын жазган.

            Алтай эли - адабиятына жана маданиятына жан үрөп кызмат кылган жазуучу жана окумуштуу Суразаковдун эмгегин унуткан жок. Алтай боорунда жайгашкан илимий-изилдөө инсититунуна Сазон Саймонич Суразаковдун наамын ыйгарышкан.

            Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда соңку алтай адабиятынын белгилүү жазуучусу Сазон Саймонич Суразаковдун чыгармачылыгы тууралуу кеп болду. Суразаковдун чыгармалары орус жана түрк тилдерине которулуп окурмандарынын чөйрөсү кеңейген. Мындан сырткары анын илимий изилдөөлөрү Түркология жаатында активдүү колдонулуп окутулуп келет.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.  



Тектеш кабарлар