Президент Татар: «Сүйлөшүү үчүн негиз жок»

Эрсин Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинде болжол менен 4 саатка созулган жабык жыйынга катышып, депутаттарга Кипр маселесине байланыштуу акыркы абалдар тууралуу маалымат берди.

2151338
Президент Татар: «Сүйлөшүү үчүн негиз жок»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, Кипр темасында сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн орток негиз жок экенин айтты.

Эрсин Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинде болжол менен 4 саатка созулган жабык жыйынга катышып, депутаттарга Кипр маселесине байланыштуу акыркы абалдар тууралуу маалымат берди.

Парламенттик жыйындан кийин басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Татар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын жеке өкүлү Мария Анжела Ольгин Куэльяр менен болгон байланыштары тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: «Биз сүйлөшүүгө даярбыз, бирок сүйлөшүү процессинин башталышы үчүн орток негиз жоктой. Анткени экинчи тарап биздин эгемендүүлүгүбүздү кабыл албай жатат. Эгемендүүлүгүбүздү кабыл албаган тарап менен сүйлөшүү процессинде отуруунун мааниси жок».

Сабырдуу болууну жана түрк мамлекеттери менен карым-катнаштарды жакшыртууну кеңеш кылган Татар: «Түркиянын колдоосу менен дүйнө Кипрдин чындыгын дагы бир жолу билди»,-деп айтты.

Татар: «Кипрде 2 өзүнчө эл, 2 мамлекет, 2 өзүнчө демократия бар жана бул элдер күрөшүп жатышат. Болгон окуядан кийин биздин күрөшүбүз Түндүк Кипр Түрк Республикасын таанытуу. ТКТР таанылышы керек жана Кипр түрк элинин өз мамлекетинин чатыры астында бул жерлерде тынчтык, бейпилдик жана коопсуздукта жашашы кабыл алынышы керек. Бизде башка негиз да, максат да жок»,-деди.

Кипрлик румдар сыяктуу кипрлик түрктөрдүн да эгемендик укугуна ээ экенин баса белгилеген Татар, бул тарыхый эгемендик укуктарынын эл аралык келишимдерге таянганына көңүл бурду.

Парламенттин жабык жыйыны тууралуу социалдык медиада айтылган сындарга да токтолгон Татар : «Айтылгандай жабык жыйналышты каалаган мен эмесмин. Президент катары бул жерде жабык жыйын болушун талап кылган да, сунуштаган да эмесмин. Мындай маселелер дайыма жабык жыйындарда талкууланып келген»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар