«Кавказ бүркүтү 2024» машыгуусу уланууда

Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымат берди.

2150010
«Кавказ бүркүтү 2024» машыгуусу уланууда

Түркия, Азербайжан жана Грузиянын атайын күчтөрү тарабынан Азербайжанда башталган биргелешкен аскердик машыгуу уланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, 4-июнда башталган «Кавказ бүркүтү 2024» машыгуусунда камуфляждуу аскерлер өкүл душман жерлерине капыстан басып киришти.

Машыгууда, өкүл душмандын башкаруу борбору жана байланыш аппараттары иштен чыгарылып, адам күчү да зыянсыздандырылды.

Атайын күчтөрдүн аскерлеринин бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткарганы айтылды.



Тектеш кабарлар