Азербайжандын энергетика министри : "COP29да Түркия менен иштешүүнү каалайбыз"

Азербайжандын энергетика министри Первез Шахбазов БУУнун Климаттык алмашуунун алкактык келишиминин  29 -  тараптар конференциясында (COP29) Түркия менен иштешүүнү каалашкандарын айтты.

2150181
Азербайжандын энергетика министри : "COP29да  Түркия менен иштешүүнү каалайбыз"

 Азербайжандын энергетика министри Первез Шахбазов БУУнун Климаттык алмашуунун алкактык келишиминин  29 -  тараптар конференциясында (COP29) Түркия менен иштешүүнү каалашкандарын айтты.

Шахбазов борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн 29 - Эл аралык Каспий мунай жана газ жарманкесинин алкагында Анадолу агенттигине баа берди.

Шахбазов эки өлкөнүн мунайдан жаратылыш газына, кайра жаралуучу энергиядан электр энергиясына чейин көптөгөн тармакта кызматташкандарын белгиледи.

Азербайжандын жаратылыш газын Түркия аркылуу Европага өткөргөнүн эске салган Шахбазов: «Кол коюлган жаңы келишимдер менен Түркия аркылуу Европага дагы көп газ жөнөтөбүз»,-деди.

Шахбазов ошондой эле бул жылдын 11 – 22 - ноябрында Бакуда өтө турган COP29 тууралуу : «Бириккен Араб Эмираттарында тактап айтканда COP28де жетишилген ийгиликтерди улантабыз. Бул жерде да Түркия менен биргеликте иштөөнү каалайбыз. Муну да бул жерде  (29 -  Эл аралык Каспий нефть жана газ жарманкесинде) сүйлөштүк. Бирдикте айрым долбоорлорду өнүктүрөбүз»,- деди.

Азербайжандын өзгөчө өлкөнүн Нахчыван аймагындагы жаңылануучу энергия булактарынын өндүрүлүшүнүн жана андан кийин Түркия базарына жеткирилишинин маанисине токтолгон Шахбазов: «Эл аралык милдеттенмелерибизге ылайык жаңылануучу энергияны 3 эсеге көбөйтүүбүз керек»,- деди.  

Президент Режеп Таййип Эрдоган 29 - Эл аралык Каспий мунай жана газ жарманкесинин ачылышына карата билдирүүсүндө COP29ту өткөрө турган  Азербайжанга даярдык процессинде ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Энергетика тармагында күчтүү кызматташууга ээ Түркия менен Азербайжан, Баку  - Тбилиси  -  Жейхан чийки мунай кууру,  Баку - Тбилиси - Эрзурум жаратылыш газ кууру жана Транс-Анадолу жаратылыш газ түтүк жолу (TANAP) Европанын энергетикалык коопсуздугуна салым кошууда.



Тектеш кабарлар