Казакстандагы селден 5 адам каза болду

Абай облусунда болсо 2 адамды издөө иштери уланууда.

2129444
Казакстандагы селден 5 адам каза болду

Казакстандагы селдерден 5 адам каза болуп, дайынсыз жоголгон 2 адамды издөө иштери уланууда.

Өлкөдө уланып жаткан селдердин айынан Атрау облусунда 4 адам сууга чөгүп каза тапса, Түркстан облусунда да бир бала агымга кабылып каза болду.

Абай облусунда болсо 2 адамды издөө иштери жүрүүдө.

Бир тараптан Казакстанда жаан-чачындуу өткөн кыштан кийин тез эриген кар суусу дарыяларда ташкындарга себеп болушунан келип чыккан селдердерге каршы күрөш уланып жатат.

Селден улам 8 аймактагы 38 калктуу конушта «жергиликтүү масштабда» өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Суу каптаган аймактардан ушул убакка чейин куткарылгандардын саны 117 миң 694кө жетсе, алардын 18 миң 651и үйлөрүнө кайтты. Эвакуациялангандардын 6 миң 887си убактылуу баш калкалоочу борборлордо жашап жатышат.

Ошондой эле 113 миң 852 айыл чарба жаныбарлары коопсуз жайларга жеткирилди.

Акмола, Актөбө, Атрау, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында 5 миң 718 үйдү суу каптады.

Өлкөдөгү селдер менен күрөшүүгө 44 миң 156 жеке кызматкер, анын ичинде жоокерлер мобилизацияланды.



Тектеш кабарлар