Татар: «Элибиздин коопсуздугу Түркиянын кепилдиги астында»

Түндүк Кипр Түрк Республикасында президент Эрсин Татардын жетекчилигинде жогорку жетекчиликтин жыйыны болуп, анда аймактык өнүгүүлөр каралды.

2127620
Татар: «Элибиздин коопсуздугу Түркиянын кепилдиги астында»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Түркиянын аймактагы эң күчтүү мамлекет экенине жана Кипр түрк калкын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен колдогонуна көңүл буруп: «Элибиздин коопсуздугу Түркиянын кепилдиги астында»,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында президент Эрсин Татардын жетекчилигинде жогорку жетекчиликтин жыйыны болуп, анда аймактык өнүгүүлөр каралды.

Ирандын мурунку түнү Израилге жооп иретинде учкучсуз учуучу аппараттар жана баллистикалык ракеталар менен жасаган чабуулу жана башка аймактык абалдар бааланган жолугушуудан кийин басма сөзгө маалымат берген Татар, Түркиянын жогорку жөндөмдүүлүк жана дараметин аймактык тынчтык жана бейпилдик үчүн колдонгонун белгилеп, Кипр түрк элинин тынчсыздана турган эч нерсеси жок экенин айтты.

Жолугушууда аймактагы бардык окуяларды кеңири талкуулагандарын түшүндүргөн ТКТР президенти Татар Түркиянын аймактагы эң күчтүү өлкө экенине жана Кипр түрк калкын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен колдогонуна көңүл буруп: «Элибиздин коопсуздугу Түркиянын кепилдиги астында. Элибиз Түркия Республикасынын кепилдиги менен тынч жана коопсуз жашоону улантат. Элибиз тынчсызданбашы керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар