Эрсин Татар АКШга барат

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипр Түрк тарабынын эгемендик, теңдик жана тең улуттук статус талабынан артка тартпай тургандарын айтты.

2124401
Эрсин Татар АКШга барат

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Кипр Түрк тарабынын эгемендик, теңдик жана тең улуттук статус талабынан артка тартпай тургандарын айтты.

Эрсин Татар  бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Америка Кошмо Штаттарына барат.

Сапар алдында маалымат жыйынын өткөргөн Татар Вашингтондо жолугушууларды өткөрө тургандыгын билдирди.

Татар Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш менен жума күнү жолугушарын билдирди.

 

Эрсин Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасы катары үч жылдан бери бери жүргүзүп келе жаткан саясаттан артка кайтуу болбой турганын белгилеп, грек тарап менен орток пикирдин жок экенин белгиледи.

Татар : "Түркия толук мааниси менен жаңы саясатыбыздын артында. Эми Кипрде бир келишим түзүлө турган болсо эгемендүү тең укуктуулугубуздун жана тең статусубуздун аныкталышы менен сүйлөшүү процесси сөзсүз башталат жана ал сүйлөшүү процессинин натыйжасында  эки мамлекеттин кызматташтыгы менен гана келишим түзүлөт. Бул биздин саясатыбыз, ачык жана так», - деди. 

Татар  Кипр түрк калкына киргизилген изоляция, эмбарго жана чектөөлөрдүн жоюлушу керектигин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар