Казакстандагы селден улам эвакуациялар ыкчам жүрүп жатат

Казакстанда калың кар жааган кыштан кийин абанын температурасынын жогорулашынан улам кардын капыстан эришинен пайда болгон сел менен күрөш уланууда.

2123336
Казакстандагы селден улам эвакуациялар ыкчам жүрүп жатат

Казакстанда ээриген кардын кесепетинен болгон селден улам 13 миң 659 адам эвакуацияланып, 49 айылга унаа каттамдары токтотулду.

Казакстанда калың кар жааган кыштан кийин абанын температурасынын жогорулашынан улам кардын капыстан эришинен пайда болгон сел менен күрөш уланууда.

Селден улам өлкөнүн көптөгөн айылдары толугу менен суу астында калып, дамбалардын сыйымдуулугу ашып кеткен.

Өлкөнүн батыш, чыгыш, түндүк жана борбордук аймактарындагы жолдор жана көпүрөлөр суу алдында калып, 49 айылга каттам үзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да селден жабыркаган аймактардан 13 миң 659 адам эвакуацияланып, алардын 1655и тик учактар ​​менен куткарылганын билдирди.

Казакстандын президенттигинин билдирүүсүнө караганда, президент Касым Жомарт Токаев өкмөттүн ыйгарым укуктуу мекемелеринин жетекчилери менен өткөргөн жолугушууда алар кабылган селдин акыркы 30 жылдын эң чоңу экенин айтты.

Токаев кырдаал капыстан курчуп кетиши мүмкүн экенин эскертип: «Учурда негизги миссия адам өлүмүнүн алдын алуу болуп саналат»,-деди.

Суу ташкынынан жабыркаган аймактарга керектүү жардамды көрсөтө тургандарын белгилеген Токаев, жарандардын материалдык чыгымы мамлекет жана бизнес дүйнөсү тарабынан толтуруларын жарыялады.



Тектеш кабарлар