«Азербайжандар геноцид күнү» эскерилди

106 жыл мурда Азербайжан аймагында армян бандалары тарабынан кылынган кыргын «өлкө тарыхындагы эң каргашалуу кыргындардын бири» катары белгиленет.

2122691
«Азербайжандар геноцид күнү» эскерилди

1918-жылы армян бандалары тарабынан кылынган жана 50 миң киши каза болгон кыргындын курмандыктары «Азербайжандардын геноцид күнүндө» эскерилди.

106 жыл мурда Азербайжан аймагында армян бандалары тарабынан кылынган кыргын «өлкө тарыхындагы эң каргашалуу кыргындардын бири» катары белгиленет.

20-кылымдын башында орус падышалыгынын акыркы мезгилдеринде Азербайжандын ар кайсы аймактарында отурукташкан армяндар бийликтин жоктугунан пайдаланып, азербайжандарды кырып, жерлерин тартып ала башташкан.

1905-жылдан бери уюшкан жана куралданган армяндар азербайжандарды коркутуу үчүн бардык аймактарда, өзгөчө Бакуда баш аламандыктарды жаратышкан.

1917-жылы Орусияда болгон революция менен падышалык режим кулатылган. Бийликке келген большевиктер Бакуда да бийликти басып алышкан. Армяндык большевиктердин лидери Степан Шаумян армян бандаларына саясий жана материалдык колдоо көрсөткөндүктөн азербайжандарга кол салуулар күчөгөн.

Армян жана большевик бандалары 1918-жылдын 30-мартынан 3-апрелине чейин Баку, Шамахы, Губа, Хачмаз, Ланкаран, Хаджигабул, Салян, Зангезур, Карабах, Нахчыван жана башка аймактарда 50 миң азербайжанды кырган.

«Кавказ ислам армиясы» деп аталган Осмон армиясы Азербайжанга жардамга келип, өлкөнү бандалардан тазалаганда кыргын аяктаган.

Азербайжанда 1918-жылы армяндар кылган мыкаачылык жана кыргындар «геноцид» катары кабыл алынат.

Маркум президент Гейдар Алиев 1998-жылы кол койгон жарлыгы менен 31-марттын «Азербайжандар дуушар болгон геноцид күнү» катары белгиленишине чечим чыгарган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев социалдык медиа баракчаларынан бөлүшүү менен кыргын курмандыктарын эскерди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги да «Азербайжандардын геноцид күнү» тууралуу билдирүү таратты.

Курман болгондор урмат-сый менен эскерилгени белгиленген билдирүүдө, «Армениянын Азербайжанга кол салуусу жана басып алуусу учурунда кылынган этникалык тазалоо жана геноцид кылмыштары, 2-Карабах согушунда аскердик операциялардын тышындагы аймактарда жарандарга каршы кылынган согуш кылмыштары, саясат Азербайжандыктарга каршы системалуу этникалык кастыкты жана сабырсыздык дагы деле уланууда»,деген маалымат орун алды.

Билдирүүдө тарыхтан сабак алуу керектиги белгиленип, Арменияны кекчил тенденциялардын алдын алууга чакырды.



Тектеш кабарлар