Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу 28,37 чакырымдык  тилке боюнча келишим түзүлдү

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 24 - 29 - март күндөрү Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында чек араны аныктоочу комиссияларынын жыйыны болуп өттү.

2122470
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу 28,37 чакырымдык  тилке боюнча келишим түзүлдү

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу 28,37 чакырымдык  чек ара тилкеси боюнча келишим түзүлдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 24 - 29 - март күндөрү Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында чек араны аныктоочу комиссияларынын жыйыны болуп өттү.

Жумушчу топтор Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын  28,37 чакырымдык тилкеси боюнча келишип, протоколго кол коюшту.

 

Кийинки жолугушуу Тажикстанда өтөт.

Ал эми Баткен шаарында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугушту.

Достук жана өз ара түшүнүшүү атмосферасында өткөн жолугушууда талаштуу чек араны аныктоо иштерин улантуу чечими кабыл алынды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 970 чакырымдай чек аранын 503 чакырымына байланышту  талаш - тартыштар блуп жаткан. 

 

 



Тектеш кабарлар