Казакстанда эриген кар суусу ташып айрым облустарда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстан катуу жаан - чачындуу болгон кыштан кийин келген жазгы аба ырайы менен  эриген кар суусу менен күрөшүүдө.

2122005
Казакстанда эриген кар суусу ташып айрым облустарда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстанда эриген кар сууларынын айылдарга агып киришинен улам 2 миңден ашуун адам эвакуацияланып, айрым облустарда «аймактык масштабда» өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Казакстан катуу жаан - чачындуу болгон кыштан кийин келген жазгы аба ырайы менен  эриген кар суусу менен күрөшүүдө.

Кар суусунун ташуусу менен айрым айылдардын толугу менен суу астында калганы маалымдалды.

Өлкөнүн түштүк, батыш жана чыгыш аймактарындагы автожолдор менен көпүрөлөр суу астында калгандыктан, айрым айыл аймактарына баруу кыйындады.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө Түркстан, Актөбө, Костанай жана Батыш Казакстан облустарындагы суу каптаган айылдардан 2 миң 54 адамдын, алардын ичинен 613 баланын эвакуацияланганы билдирилди.

Өлкөдө 1,7 миллион кубометрден ашык эриген кар суусу айдалды.

Суу ташкынынан эң көп жабыркаган Батыш Казакстан, Абай, Актөбө жана Костанай облустарынын айрым калктуу конуштарында аймактык масштабда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар