Кзакстанда Коопсуздук кеңеши жыйналды

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда болгон теракттан кийин Коопсуздук кеңешин чогултту.

2119263
Кзакстанда  Коопсуздук кеңеши жыйналды

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Россиянын борбор шаары Москвадагы концерттик залда болгон теракттан кийин Коопсуздук кеңешин чогултту.

Казакстандын президенттигинен берилген билдирүүгө   караганда, Казакстандын Коопсуздук кеңеши Токаевдин жетекчилигинде  кезексиз жыйын өткөрдү.

Жыйында  Токаев Москвада  элге карата жасалган ырайымсыз кол салууну дагы бир жолу айыптап, терроризмге каршы күрөштө Казакстандын Россия менен тилектештигин баса белгиледи.

Жыйында күч түзүмдөрүнүн жергиликтүү бийлик органдары менен иш пландары жана өзгөчө кырдаалдарда  иш-аракеттерин координациялоо дагы бир жолу каралды.

Жыйында Токаев жарандардын коопсуздугун жана Казакстандын терроризмге каршы күрөштө башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды.

22-март күнү кечинде Россиянын борбору Москва шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында куралчан кишилер тарабынан теракт жасалган.

Кол салуучулар залда автоматтар менен туш келди ок атышкан.

Концерттик зал жайгашкан имараттын чатырынан өрт чыгып, чатыры  кулап түшкөн.

Россиянын Тергөө комитети кол салууда 143 кишинин каза болгонун жарыялады.

Дем алыш күндөрү Москвада бардык коомдук иш-чаралар токтотулуп, кол салууну карап чыгуу үчүн  “ишмердик топтун” түзүлгөнү жарыяланды.

Кремль Россия Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору Александр Бортниковдун  президент Владимир Путинге "Москвадагы террордук кол салууга түздөн - түз тиешеси бар 11 киши, анын ичинде 4 террористтин кармалганын" билдиргенин маалымдаган. 

 

 



Тектеш кабарлар