Хожалыдагы массалык көрүстөндөн адамдын сөөктөрү табылды

Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, Хожалы шаарынын борборунда жүргүзүлгөн инфраструктура иштери учурунда февраль айында табылган массалык көрүстөндө изилдөө иштеринин уланып жатканы билдирилди.

2116313
Хожалыдагы массалык көрүстөндөн адамдын сөөктөрү табылды

Азербайжандын Хожалы аймагындагы кыргын курмандыктарына таандык деп эсептелген массалык көрүстөндөгү адамдын сөөгүнүн саны 18ге жетти.

Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, Хожалы шаарынын борборунда жүргүзүлгөн инфраструктура иштери учурунда февраль айында табылган массалык көрүстөндө изилдөө иштеринин уланып жатканы билдирилди.

Билдирүүдө, тиешелүү мекемелердин адистеринин катышуусунда жүргүзүлгөн изилдөөдө 18 адамдын, анын ичинде 4 баланын сөөгү табылганы айтылды.

Билдирүүдө, массалык көрүстөндө сөөктөрү табылган 8 кишинин өздүгү аныкталганы, алардын Хожалы кыргынында каза болгондордун арасында экени белгиленди.

Хожалы шаарынын борборунда өткөн айда жүргүзүлгөн инфраструктура иштеринде казуу иштеринде массалык мүрзө табылган. Ошол эле жерге көмүлгөн бул адамдардын колдору байланганы жана сөөктөрдүн ичинен кыйноо белгилери табылганы аныкталган.

1992-жылдын 26-февралында Армения күчтөрүнүн чабуулуна кабылган Карабахтын Хожалы шаарында 613 Азербайжан жараны, анын ичинде 106 аял, 70 кары-картаң жана 63 бала коргоосуз абалда каза болгон.

Хожалыда 1275 азербайжандык армян күчтөрү тарабынан туткунга алынып, алардын 150сүнөн кабар алынбай, дайынсыз жоголгондор тизмесине катталган.



Тектеш кабарлар