Алиев: «Биз Армения менен тынчтыкка мурда болуп көрбөгөндөй жакынбыз»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн 11-Глобалдык Баку форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

2115501
Алиев: «Биз Армения менен тынчтыкка мурда болуп көрбөгөндөй жакынбыз»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөнүн жерлерин баскынчылардан куткаруу менен тарыхый адилеттүүлүккө жетишкендерин айтып: «Биз Армения менен тынчтыкка мурда болуп көрбөгөндөй жакынбыз. Түштүк Кавказ эч качан тынчтыкка мынчалык жакын болгон эмес»,-деди.

Илхам Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн 11-Глобалдык Баку форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Азербайжандын президенти өз сөзүндө 2-Карабах согушуна (2020-жылдын 27-сентябрынан 10-ноябрына чейин) чейинки процесске, азербайжан жерлеринин жылдар бою армян оккупациясында калганына жана көп жылдарга созулган сүйлөшүү процессинин ийгиликсиздигине кеңири орун берди.

Азербайжандын 2-Карабах согушу жана сентябрь айындагы антитеррордук операция менен бардык жерлерине эгемендигин орноткондугун эске салган Алиев: «Бүгүн биз Армения менен тынчтыкка мурда болуп көрбөгөндөй жакынбыз. Түштүк Кавказ эч качан мынчалык тынчтыкка жакын болгон эмес. Бул 2-Карабах согушунан улам болду»,-деп айтты.

Алиев Армениянын жылдар бою куралдандырылганын баса белгилеп: «Антитеррордук операция учурунда болжол менен 1 миллиард долларлык аскердик унааларды, курал-жарактарды жана ок-дарыларды колго түшүрдүк. 2-Карабах согушунда биз колго түшүргөн олжолордун баасы 5 миллиард долларды түздү. Бул куралдардын баары Арменияга бекер берилген»,-деп айтты.

Азербайжандын тынчтык процессин улантууга даяр экенин баса белгилеген Алиев: «Биз тарыхый адилеттүүлүккө жетиштик. Эми аймактагы кастыкты токтотууга убакыт келди»,-деди.

Илхам Алиев Франциянын Азербайжанга каршы мамилесине да токтолуп: «Франция Азербайжанга каршы санкцияларды киргизүүгө катуу аракет кылды. Биз эл аралык укукка каршы эч нерсе кылган жокпуз жана Франциянын бардык аракеттери текке кетти»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар