Алиев Бинали Йылдырымды кабыл алды

Кабыл алууда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштар тууралуу пикир алмашылды.

2115313
Алиев Бинали Йылдырымды кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түрк Мамлекеттер  Уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым менен жолугушту.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда, Низами Генжеви эл аралык борбору уюштура турган «11 - Глобалдык Баку форумуна» катышуу үчүн Бакуга барган Йылдырым, Алиев тарабынан кабыл алынды.

Кабыл алууда Йылдырым, Низами Генжеви эл аралык борборунун таасиринин бүткүл дүйнөдө артканын жана мекеменин маанилүү эл аралык темалар талкууланган аянтчага айланганын айтты.

Форумдун ийгиликтүү өтөөрүнө ишенгенин баса белгилеген Йылдырым, Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешине көрсөткөн колдоосу үчүн Алиевге ыраазычылык билдирди.

Кайрадан президент болуп шайлангандан кийин салтка ылайык алгачкы расмий сапарын Түркияга жасаганын эске салган Алиев, президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусуна токтолду.

Кабыл алууда Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштар тууралуу пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар