Казакстан менен Азербайжан кызматташтыгын бекемдейт

Алиев Токаевди расмий азем менен тосуп алды.

2113934
Казакстан менен Азербайжан кызматташтыгын бекемдейт

Азербайжандын президенти Илхам Алиев расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Бакуга барган Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен жолугушту.

Алиев Токаевди расмий азем менен тосуп алды. Эки тараптуу жолугушуудан кийин тиешелүү министрлердин жана жетекчилердин катышуусунда Азербайжан-Казакстан Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин жыйыны өттү.

Алиев боордош Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жана инновациялык прогресстеги жетишкендиктерине кубанычта экенин билдирип, «Казакстан биздин ишенимдүү досубуз жана шериктешибиз»,- деди.

Азербайжандын 2-Карабах согушунда Арменияны жеңип, жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин калыбына келтиргенине кубангандарын айткан Токаев да: «Казакстан менен Азербайжан чындап стратегиялык өнөктөш жана союздаш»,-деди.

Токаев эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү аракеттеринин уланып жатканын, потенциалдын чоң экенин жана ийгиликке жете турган күндөрдүн алыс эмес экенин билдирди.

Жолугушуудан кийин Алиев менен Токаев Борбордук коридор аркылуу Кытай-Казакстан-Азербайжан багыты менен жол тарткан контейнердик поезддин Бакунун Апшерон станциясына бара жатканын түз байланыш аркылуу көрүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкө ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду. Алиев менен Токаев «Азербайжан-Казакстан Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин 1-жыйынынын чечимине» да кол коюшту.

Мындан тышкары, тиешелүү министрлер жана жетекчилер тарабынан маалымат каражаттары, инвестиция, маданият, космостук технологиялар, билим берүү жана деңизчилик тармактарындагы келишимдерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Жыйында ошондой эле Азербайжан аркылуу дүйнөлүк рынокко жөнөтүлгөн казак мунайынын көлөмүн акырындык менен көбөйтүү боюнча келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар