Азербайжан Армениянын оккупациясындагы айылдардын кайтарылышын талап кылды
Армения 1 - Карабах согушунда Карабах жана жакын жердеги облустар менен бирге Газах облусунун 7, Нахчывандын 1 айылын да оккупацияга алган.
Азербайжан Армениянын оккупациясындагы 4 айылдын дароо кайтарылып берилишин талап кылды.
Азербайжан - Армения чек араны белгилөө комиссиясынын тең төрагасы, Азербайжандын вице - премьер - министри Шахин Мустафаевдин кеңсесинен берилген маалыматта, комиссиялардын ушул күнгө чейин 7 жолу чогулгандыгы, келинген этапта чек араларды аныктоонун ченемдик - укуктук базасын түзүү иштеринин жүргүзүлгөндүгү белгиленди.
Акыркы мезгилде Армения медиасында Азербайжандын Армениянын 31 айылына таандык жерлерди оккупация астына алганына байланыштуу жаңылыш кабарлар жарыялангандыгы эске салынган билдирүүдө : "Чек аралар аныкталганга чейин Армениянын 31 айылына таандык жерлердин "оккупацияда экендигин" айтуу толугу менен негизсиз",- деп айтылды.
Билдирүүдө : "Армениянын оккупациясы астындагы жана эсклав болбогон 4 айыл (Баганис Айрым, Ашигий Эскипара, Хейримли жана Кызылхажылы) талашсыз Азербайжанга таандык жана тез арада кайтарылышы керек. Армениянын оккупациясындагы 4 эксклав айылын (Юкары Эскипара, Софулу, Берхударлы жана Керки) кайтаруу маселеси чек араны аныктоо процессинин алкагында чечилет»,-деп билдирилди.
Армения 1 - Карабах согушунда Карабах жана жакын жердеги облустар менен бирге Газах облусунун 7, Нахчывандын 1 айылын да оккупацияга алган. 2 - Карабах согушунда Карабах жана жакындагы облустар оккупациядан куткарылып, 4 эсклав болгон 8 айыл Армениянын көзөмөлүндө калган.