Азербайжан Армениянын тышкы иштер министринин билдирүүсүнө жооп берди

Айхан Хажызаде 1-3-мартта өткөн Анталия дипломатиялык форумунда (АДФ) 2024 Анадолу агенттигине Арарат Мирзояндын жасаган билдирүүлөрүнө жооп берди.

2112790
Азербайжан Армениянын тышкы иштер министринин билдирүүсүнө жооп берди

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын эл аралык коомчулукту адаштырууну көздөгөн билдирүүлөрүнүн чындыкты чагылдырбаганын белгиледи.

Айхан Хажызаде 1-3-мартта өткөн Анталия дипломатиялык форумунда (АДФ) 2024 Анадолу агенттигине Арарат Мирзояндын жасаган билдирүүлөрүнө жооп берди.

Хажызаде жазуу түрүндө билдирүү жасап: «Армениянын тышкы иштер министринин эл аралык коомчулукту адаштырууну көздөгөн мындай билдирүүлөрү чындыкты чагылдырбайт»,-деп айтты.

Хажызаде Мирзояндын эгемендик жана аймактык бүтүндүктүн өз ара таанылышына, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чек араны аныктоо боюнча 1991-жылы кол коюлган Алматы декларациясына, транспорт каттамдары жайгашкан өлкөнүн эгемендиги жана юрисдикциясында болушу керектигине басым жасаганын эске салып: «Тышкы иштер министри өзү өкүлү болгон өлкө 30 жылдан ашык убакыттан бери бул принциптердин баарын бузганын элге унуттурууга аракет кылып жатканы өкүнүчтүү»,-деди.

Армениянын 2-Карабах согушунан кийин Карабахтагы баскынчы режимге колдоо көрсөткөнүн, аларга курал-жарак жана ок-дарыларды бергенин жана куралдуу күчтөрүн Азербайжандын аймагынан чыгарбаганын эске салган Хажызаде төмөнкүдөй билдирүүлөргө орун берди: «Армениянын өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине болгон дооматтары тышкы иштер министринин көз караштарына тескери катнашта. Армениянын алар дайыма шилтеме кылып келген Алматы декларациясына кошулуу боюнча эскертүүлөрү жана Карабахтын Азербайжандын бир бөлүгү катары таанылышына карата жарактуу укуктук ченемдер бар экенин ар ким билет.

Армениянын кол коюлган келишимдерге жана милдеттенмелерге терс түрдө акыркы 3 жылдан бери ар кандай шылтоолор менен транспорт линияларынын ачылышына бөгөт коюу, бул маселеде бир бүтүмгө келүү үчүн эч кандай чечимдерди сунуш кылбоо, жалаң популисттик билдирүүлөрдү жасоо аймактагы кызматташтыкка салым кошпогон факторлордон.

Армения мындай чагымчыл жана азербайжанга каршы саясий манипуляциялык ойлорду айткандын ордуна, эл аралык милдеттенмелерин аткарып, тынчтык жараянына сөз менен эмес, иш жүзүндө салым кошуусу керек»,- деди.

Армениянын тышкы иштер министри Мирзоян, Армения катары «чек араларды аныктоо жана чийүүнү караган демаркация процесси 1991-жылы кол коюлган Алматы декларациясынын алкагында болушу керектигин» жактагандарын жана бул декларациянын тынчтык келишиминин долбооруна киргизилишин каалагандарын, бирок ал бул маселе боюнча Азербайжандан оң жооп ала албагандарын айткан.



Тектеш кабарлар