Армения Азербайжан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантат

Армениянын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2109556
Армения Азербайжан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантат

Армения Азербайжан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантат.

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, министр Арарат Мирзоян менен Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана аны коштогон делегациялардын, Германиянын борбор шаары Берлинде өткөргөн жыйында эки өлкөнүн ортосунда кол коюла турган тынчтык келишиминин текстинин долбоорунун үстүндө иштегендери белгиленди.

Билдирүүдө: «Министрлер жана делегациялар, Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтыктын жана эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин түзүлүүсүнө карата эки тараптуу келишимдин долбоорунун жоболору боюнча пикирлерди талкуулашты. Ачык темаларда сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча өз ара макулдашууга жетишилди»,-деп айтылды.

Жыйындын алкагында министрлердин Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен эки тараптуу жана үч тараптуу жолугушууларды да өткөрүшкөнү маалымдалды.

Германияда өткөрүлгөн 60-Мюнхен коопсуздук конференциясында жолуккан Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын көрсөтмөсүнө ылайык, Байрамов менен Мирзояндын 28-29-февраль күндөрү жолугушуусуна карата макулдашуу түзүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар