Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилүүдө

Азербайжандыктар Хожалыда армяндар тарабынан өлтүрүлгөн 613 кишини эскерүү үчүн борбор шаар Бакудагы «Эне ыйы» эстелигине агылды.

2107438
Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилүүдө

Азербайжанда 1992-жылдын 26-февралында армяндар тарабынан жасалган Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди.

Азербайжандыктар Хожалыда армяндар тарабынан өлтүрүлгөн 613 кишини эскерүү үчүн борбор шаар Бакудагы «Эне ыйы» эстелигине агылды.

Жарандар эстеликке гвоздикаларды таштап, кыргындын курмандыктарын эскеришти. Кыргындан аман калган Хожалы эли жана каза болгондордун жакындары да эстеликке зыярат кылышты.

Шейиттердин жакындары менен жарандардын айрымдары дуба кылып жатса, айрымдары 32 жыл мурун болгон азаптуу окуяны эстеп, көз жашын тыя албай турду.

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы, элчиликтин кызматкерлери жана Бакудагы түрк мекеме жана уюмдарынын өкүлдөрү да «Эне ыйы» эстелигин зыярат кылып, Хожалы кыргынында каза болгондорду эскеришти.

Элчи Багжы зыяраттан кийин басма сөзгө берген маалыматында Хожалы кыргынынын азабын жүрөктөрү менен терең сезгендерин айтты.

СССРдин кулашы менен Азербайжандан аймакты талап кылып жана кол сала баштаган армяндар 1991-жылдын акыркы күндөрүндө блокадага алган, аймактагы жалгыз аэропорту бар стратегиялык мааниге ээ Хожалыны алуу үчүн кыймылга киришти.

1992-жылдын 25-февралында бир нече айга созулган кол салууларын күчөткөн армяндар ошол кездеги Ханкендиде турган Советтик орус армиясынын 366-мотополкунун жардамы менен түн ичинде үч багыттан чабуулга өтүшкөн.

Жөн эле басып алуу менен гана чектелбестен, армяндар 20-кылымдын эң кандуу кыргындарынын бирин кылып, карапайым калкты массалык түрдө өлтүрүп, туткундарды аёосуз кыйнаган.

Мурда 7 миң киши жашаган Хожалыда 613 коргоосуз Азербайжан жараны, анын ичинде 106 аял, 70 кары адам жана 63 бала каза болгон. Кыргындан 487 адам оор жаракат алуу менен аман калган, армян күчтөрү 1275 кишини туткунга алган, алардын 150сү дагы эле дайынсыз.



Тектеш кабарлар