Алиев Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Эрдоганга 70 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

2107084
Алиев Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев президент Режеп Таййип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады.

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Эрдоганга 70 жылдык мааракесине байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Алиев билдирүүсүндө Эрдоганга Түркиянын жыргалчылыгы үчүн жасаган иштеринде ийгилик жана ден-соолук каалады.

Алиев: «Сиздин өмүрүңүз өлкөгө, элге ак ниет кызмат кылуунун үлгүсү. Сиз боордош Түркиянын бакубаттуулугу, анын азыркы өнүгүүсү жана эл аралык аренада татыктуу ордун ээлөө үчүн жан-дили менен кызмат кылган улуу инсансыз, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерсиз. Cиз тарыхый миссияңызды ишенимдүү жана чечкиндүүлүк менен аткарып, келечекти ойлогон, чечкиндүү саясатыңыз менен өлкөңүздү дүйнөдөгү эң көрүнүктүү жана кубаттуу мамлекеттердин бирине айланттыңыз. Түркиянын акыркы 20 жылда жетишкен маанилүү ийгиликтери жана жетишкендиктери сиздин ысымыңыз менен байланыштуу»,-деди.

Түркия Республикасынын Эрдогандын акылман жетекчилигинде экинчи кылымына кадам таштаганын эске салган Алиев, боордош өлкөбүз Түркиянын алдыга койгон бардык максаттарына жана көздөөлөрүнө жетишин, жаңы ийгиликтердин жана жеңиштердин ээси болушун кааларын баса белгиледи.

Алиев өз кайрылуусунда төмөнкүлөрдү билдирди: «Сиз азербайжан элинин чыныгы досусуз. Сиздин Азербайжанга чын жүрөктөн берилгендигиңиз, өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө, Азербайжан-Түркия боордоштугун чыңдоого тынымсыз колдооңуз, биздин союзубузду туруктуу сактап калуу үчүн көрсөткөн кайталангыс кызматтарыныз менен мааниге ээ болду. Сиздин чечкиндүү жана так позицияңыз жана Азербайжандын адилеттүү доосу үчүн ар дайым көрсөткөн туруктуу колдооңуз элибиз тарабынан ыраазычылык менен эскерилет».

Өз өлкөсүндөгү шайлоодон кийин салтты бузбай алгачкы расмий сапарын Түркияга жасаганын эске салган Алиев Эрдоганга чакыруусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Алиев, күчүн жалпы тарыхтан, бай улуттук жана руханий баалуулуктардан, элдердин бир туугандыгынан жана биримдигинен алган Түркия менен Азербайжандын карым-катнаштары, мындан ары да алардын биргелешкен аракети менен «бир эл, эки мамлекет» принцибинин негизинде өнүгүп, күчтөнөөрүнө ишене турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар