Жогорку Кеңеш «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеште «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзам долбооруна 64 депутат «макул» добушун берсе, 5 депутат «каршы» добушун берди.

2106045
Жогорку Кеңеш «чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды
Kırgız Cumhuriyeti Meclisi.jpg

Жогорку Кеңеш «Чет элдик өкүлдөр» жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды.

22-февралдагы добуш берүүдө сөз болуп жаткан мыйзамга 64 депутат «макул» добушун берсе, 5 депутат «каршы» добушун берди.

Мыйзамга каршы чыккан депутаттардын бири Дастан Бекешев бул мыйзам өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизип, билим берүү, айыл чарбасы сыяктуу чет элдик каражаттан пайда көргөн тармактарга таасирин тийгизет деп эсептейт.

Мыйзам долбоорун жазган депутат Надира Нарматова бул мыйзам өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл экенин жана бул мыйзамдын мындан 10 жыл мурун эле кабыл алынышы керек болчу деген жүйө келтирди.

«Чет элдик өкүлдөр» мыйзам долбоору 30дан ашуун кыргызстандык депутаттардын демилгеси менен күн тартибине киргизилди. Мыйзам долбоору жарыялангандан кийин катуу сынга кабылгандыктан айрым депутаттар колдорун чакыртып алышты.

Эл аралык Human Rights Watch, Amnesty International жана ЕККУ эл аралык укук коргоо уюмдары Жогорку Кеңешти мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да мыйзам долбоорунун кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун билдирип, Евробиримдиктин жана башка эл аралык донорлордун өлкөдө иштөөсүн кыйындата турганын билдирди.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамга тынчсыздануусун билдирип, мындай мыйзамдардын терс кесепеттерин башка өлкөлөрдө да байкашканын кошумчалаган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров АКШны жана башка мамлекеттерди өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө жана процесстерге объективдүү баа берүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар