Президент Садыр Жапаров Татарстандын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланды
Президент Садыр Жапаров Татарстандын мамлекеттик сыйлыгы - «Дуслык» ордени менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Орусия Федерациясына (Казань ш.) иш сапарынын алкагында «Дуслык» ордени менен сыйланды.
Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстан Республикасынын эл аралык аброюн, Татарстан Республикасы менен чет мамлекеттердин, Орусия Федерациясынын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстан Республикасынын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн «Дуслык» орденин ыйгарды.
Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, «Дуслык» орденин Кыргыз Республикасына болгон жогорку урматтын белгиси катары баалай турганын белгиледи. «Бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Орусия Федерациясынын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын», - деди Садыр Жапаров.
«Дуслык» ордени – Татарстан Республикасынын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.
Булак; КРнын Президентинин сайты
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.