АКШ Азербайжан-Армения тынчтык жараянын колдойт

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карата позицияларына баа берди.

2105927
АКШ Азербайжан-Армения тынчтык жараянын колдойт

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Азербайжан менен Армениянын ортосунда уланып жаткан тынчтык процессин колдогонун жана келишимдин мүмкүн экенине ишенгенин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карата позицияларына баа берди.

Басма сөз катчысы Миллер: «АКШ катары, эки өлкөнүн ортосунда макулдашуу түзүлүүсүн колдойбуз жана буга көмөкчү болууну улантабыз»,- деп айтып, Баку менен Еревандын ортосунда тынчтык келишиминин "мүмкүн экенин" белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин өткөн жумадагы Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында Азербайжан жана Армениянын лидерлери менен жолугушканын жана бул жолугушууларда АКШнын процесске колдоосун билдиргенин айткан Миллер, эки өлкөнүн кээ бир жыйынтыксыз маселелерди чечүү үчүн аракеттерди көрүп жатканын маалымдады.



Тектеш кабарлар