Илхам Алиев ант берди
Азербайжанда 7 - февралда өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо 92,12 пайыз добуш менен утуп чыккан Илхам Алиев ант берип, 5 - жолу кызматын расмий түрдө баштады.
Азербайжанда 7 - февралда өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо 92,12 пайыз добуш менен утуп чыккан Илхам Алиев ант берип, 5 - жолу кызматын расмий түрдө баштады.
Кайрадан президент болуп шайланган Илхам Алиев үчүн Азербайжан Улуттук Парламентинде ант берүү аземи өткөрүлдү. Министрлер, депутаттар, өлкөдөгү элчилер жана жогорку мартабалуу коноктор катышкан ант берүү аземи Азербайжан Улуттук Парламентинин жалпы жыйынын залында өттү.
Алиев Азербайжан Конституциясына кол басып : «Президенттик кызматымда Азербайжандын Конституциясына баш ийип, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн коргоп, элиме ак кызмат кыларыма ант берем»,-деди.
Азербайжандын улуттук гимни окулгандан кийин Куран Каримди колуна алган Алиев : «Азербайжан элинин кылымдардан бери келе жаткан улуттук жана руханий баалуулуктарына жана каада - салттарга берилгендигимди улантам жана ар дайым даңазалайм»,-деди.
Президент Алиев ант бергенден кийин башкы командир сапаты менен Азербайжан желегин өптү.
Азербайжанда президент болуп кайра шайланган Илхам Алиев ант бергенден кийин өкмөт өлкөнүн мыйзамдарына ылайык отставкага кетти.
Президент Алиев тарабынан дайындала турган жаңы премьер-министрдин бекитилиши эң кеч 2 жума ичинде Азербайжандын Улуттук Парламентинде каралат. Жаңы премьер-министр дайындалгандан кийин министрлер кабинетинин башка мүчөлөрүн президент Алиев белгилейт.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.