Жапаров Блинкенге ички иштерге кийлигишпөө сунушун билдирди

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жөнөткөн жооп катын социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

2101232
Жапаров Блинкенге ички иштерге кийлигишпөө сунушун билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишпөөнү суранды.

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Жапаровдун АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жөнөткөн жооп катын социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Жапаров Блинкенге жазган катында «Сиздин катыңыздын мазмунунда мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экенин өкүнүч менен билдиргим келет. Менин сиздерден бир гана өтүнүчүм – өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпөөңүздөр»,-деген.

Катта Жапаров парламентте талкууланып жаткан «Бейөкмөт уюмдар (БӨУ) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жана чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар тууралуу көз карашын да бөлүштү.

Жапаров сөз болуп жаткан мыйзам долбоору менен мамлекет чет элдик коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардан түшкөн акчанын кайдан келгенин, ким тарабынан, кантип жана кандай максатта жумшалып жатканын өз статусуна ылайык көзөмөлдөөнү максат кылганын белгиледи.

Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик органдардын демилгеси менен даярдалган «чет элдик агенттерге», «ММКларга» жана «Бейөкмөт уюмдарга» карата мыйзам долбоорлорун эркин делген маалымат каражаттары жана айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү «душмандык» менен кабыл алганын билдирди.

Өлкөсүнүн бардык өлкөлөр жана эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ менен кызматташууга даяр экенин баса белгилеген президент Жапаров Блинкенге жазган катында: «Мен сиздерди Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары тарабынан ишенимдүү корголуп жатканын көрүүгө чакыруудан сыймыктанам»,- деди.

Блинкен 7-февралда Жапаровго жөнөткөн катында,  бейөкмөт уюмдарга мамлекеттин көзөмөл механизмдерин күчөтүү деп эсептелген жаңы мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирген.



Тектеш кабарлар