Армениядан Азербайжанга ок атылды

Билдирүүдө октун кесепетинен Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир жоокеринин жаракат алганы, жарадар болгон аскердин тик учак менен ооруканага жеткирилгени белгиленди.

2101285
Армениядан Азербайжанга ок атылды

Армения тараптан атылган октун натыйжасында азербайжандык бир аскер жараланды.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүндө, Зенгилан облусунун Коллукышлак айылы багытында азербайжандык позицияларга, Кафан облусунун Неркин-Анд айылы багытында армян позицияларынан ок атылды.

Билдирүүдө октун кесепетинен Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматынын бир жоокеринин жаракат алганы, жарадар болгон аскердин тик учак менен ооруканага жеткирилгени белгиленди.

Армениянын азербайжандык позицияларга ок аткан учуру камераларга түшүп калганы, абалдын азербайжандык аскерлердин көзөмөлүндө экени билдирилди.

Провокация үчүн жоопкерчиликтин Армениянын аскердик жана саясий администрациясына жүктөлөрү айтылды.



Тектеш кабарлар