Карабахта массалык көрүстөн табылды
Аймакта казуу иштеринин уланып жатканы билдирилди.
![Карабахта массалык көрүстөн табылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4519/a269/63c4/65c60ef5add25.jpg?time=1722046379)
Азербайжандын Карабах аймагынын Аскеран облусунда Хожалы кыргынында каза болгондорго таандык деп болжолдонгон сөөктөр бар массалык көрүстөн табылды.
Азербайжандын туткун, дайынсыз жоголгон жана барымтага алынган жарандардан жооптуу мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө, сентябрь айында Карабахта жүргүзүлгөн антитеррордук операцияда Хожалы кыргынынын күнөөкөрлөрүнүн бири деген шек менен кармалган Рашид Бегларяндын сөздөрү боюнча Аскеран провинциясынын айрым жерлеринде казуу иштеринин жүргүзүлгөнү айтылды.
Билдирүүдө, казуунун натыйжасында 8 адамдын сөөгүн камтыган массалык көрүстөндүн табылганы маалымдалды.
Бегларяндын, 1992-жылдын 26-февралында өзү мүчө болгон кылмыштуу топтун Аскеран сепилинин жанында 200гө жакын азербайжандыкты өлтүргөнүн жана кээ бир сөөктөрдү ошол жерге көмгөнүн мойнуна алганы белгиленди.
Аймакта казуу иштеринин уланып жатканы билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Кыргызстан Париж Олимпиадасына 16 спортчу менен катышат](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ff7f/bd0b/a17c/669f999e8c131.jpg?time=1722046379)
Кыргызстан Париж Олимпиадасына 16 спортчу менен катышат
Президент Жапаров улуттук спортчулар менен жолугушуп, алар менен баарлашты.