Казакстандын жаңы премьер-министри

Президент Касым-Жомарт Токаев Бектеновду премьер-министрликке дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

2098435
Казакстандын жаңы премьер-министри

Казакстанда 44 жаштагы Олжас Бектенов премьер-министр болуп дайындалды.

Казакстандын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, президент Касым-Жомарт Токаев Бектеновду премьер-министрликке дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Ушундайча Олжас Бектенов өлкөнүн жаңы премьер-министри болду.

Конституцияга ылайык парламентте эң көп орунга ээ болгон «Аманат» партиясынын сунушу менен президент Токаев премьер-министрликке талапкерлигин койгон Бектеновдун ысымы Казакстан парламенттин төмөнкү палатасы тарабынан да бекитилди.

Токаев Парламентте сүйлөгөн сөзүндө, «Аманат» партиясы талапкер көрсөткөн Бектеновду өзүнүн да колдогонун айтты.



Тектеш кабарлар