Казакстандан жер титирөөнүн 1 жылдыгына карата билдирүү

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы билдирүүдө, ТМУнун мамлекет башчыларынын 10-саммитинде 6-февралдын «Апааттын курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнү» деп жарыяланганы эске салынды.

2098327
Казакстандан жер титирөөнүн 1 жылдыгына карата билдирүү

Казакстан Түркияда 2023-жылдын 6-февралында болгон жер титирөөлөрдүн бир жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы билдирүүдө, өткөн жылы Түркиянын түштүк-чыгышында катталган кыйратуучу жер титирөөлөрдөн улам Казакстандын кожоюндугунда борбор шаар Астанада өткөрүлгөн Түрк тилдүү Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 10-саммитинде мүчө өлкөлөр тарабынан 6-февралдын «Апааттын курмандыктарын эскерүү жана тилектештик күнү» деп жарыяланганы эске салынды.

Билдирүүдө: «Ушундай оор мезгилде Казакстан ТМУга мүчө өлкөлөр менен бирге Түркияны биринчилерден болуп колдоп, Түрк биримдигинин күчүн көрсөттү»,-деди.

ТМУнун кезектеги төрагасы катары Казакстандын Түркиянын бул процесстен тезирээк өтүшүн каалаганы белгиленди.

2023-жылы 6-февралда саат 04.17де Кахраманмараштын Пазаржык районунда 7,7 баллдык жер титирөө, саат 13.24тө Элбистан районунда 7,6 баллдык жер титирөө болгон жана  53 миң 537 киши көз жумуп, 107 миң 213 киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар