Азербайжандан Түркияга тилектештик билдирүүсү

Алиев 2023-жылдын 6-февралындагы жер титирөөлөрдүн 1 жылдыгына байланыштуу президент Эрдоганга билдирүү жөнөттү.

2098306
Азербайжандан Түркияга тилектештик билдирүүсү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркиянын жер титирөөлөрдөн келип чыккан кыйынчылыктарды президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги, түрк элинин күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгү, тилектештиги жана күчтүү эркинин негизинде тез арада жеңээрине, бул азаптуу сыноодон ар-намыстуу, ал тургай дагы да күчтөнүп чыгарына ишенгенин айтты.

Алиев 2023-жылдын 6-февралындагы жер титирөөлөрдүн 1 жылдыгына байланыштуу президент Эрдоганга билдирүү жөнөттү.

Жер титирөөдөн каза болгондорду терең урматтоо жана таазим кылып эскергенин белгилеген Алиев, аларга Аллахтан ырайым, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабырдуулук тиледи.

Алиев апааттын Түркия сыяктуу Азербайжанга да терең таасир эткенине басым жасап, ошол оор күндөрдө Азербайжан элинин бир тууган түрк эли менен бирге болгонун билдирди.  

Алиев, Азербайжан эли жана мамлекети жер титирөө кабарынын алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эч кандай жардам чакырыгын күтпөстөн бир туугандык парзын аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялаганын айтты.

Азербайжандын президенти, Түркиянын ар дайым жакшы жана жаман күндөрдө Азербайжандын жанында болгону сыяктуу, Азербайжандын да Түркия менен бирге болгонун жана мындан ары да бирге болоорун белгилеп: «Анткени биз бир эл, эки мамлекетпиз. Сиздин (Президент Эрдоган) жетекчилигиңиз, түрк элинин чечкиндүүлүгү, тилектештиги жана күчтүү эркинин негизинде Түрк мамлекетинин бул кыйынчылыктарды тез арада жеңээрине, ушул азаптуу сыноодон ар-намыстуу, ал тургай дагы да күчтөнүп чыгарына ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар